КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарыкүйүүчү-майлоочу материалдар менен иш алып барган компаниялардын жетекчилери менен жумушчу кеңешме өткөрдү.
Жыйында өлкөгө мунай заттарын импорттоо боюнча түзүлгөн жаңы келишимдердин аткарылышы, ички жана эл аралык рыноктогу күйүүчү-майлоочу материалдарга байланыштуу учурдагы кырдаал талкууланды. Ошондой эле компания жетекчилери кампалардагы мунай продуктуларынын запасы жана жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат беришти.
Кеңешменин жыйынтыгында Эрлист Акунбеков мамлекет тарабынан күйүүчү майдын ички рыногун туруктуу камсыздоо үчүн субсидиялар өз убагында бөлүнүп жатканын белгилеп, бардык аймактардагы май куюучу жайлар үзгүлтүксүз иштеп, күйүүчү май сатууга эч кандай чектөө болбошу керектигин айтты.
Мындан тышкары, мунай продуктуларын импорттоо боюнча жаңы келишимдерди түзүүнү жана алардын аткарылышын ыкчамдатуу, ошондой эле рыноктогу абалга туруктуу мониторинг жүргүзүүнү күчөтүү боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар протоколдук тапшырмалар берилди.
