Бишкек шаарынын мэриясынын "№303 муниципалдык аймактык башкармалык" муниципалдык мекемеси аймактагы жарнама чөйрөсүндө мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдардын талаптарынын сакталышын камсыздоо боюнча системалуу мониторинг жүргүзүүнү улантууда.
Текшерүүлөрдүн алкагында соода, оюн-зоок жана эс алуу борборлорундагы, сулуулук салондорундагы, банк мекемелериндеги, коомдук тамактануу жайларындагы, мейманканалардагы, спорт комплекстериндеги жана дүкөндөрдөгү сырткы жана ички жарнамалар, ошондой эле көрнөк-жазуулар мыйзам талаптарына шайкештиги боюнча бааланууда.
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" КРнын Конституциялык Мыйзамын ишке ашыруунун алкагында Ж. Абдрахманов көчөсүндө кезектеги мониторинг өткөрүлдү.
Мониторингдин жыйынтыгында ишкерлерге жана чарба жүргүзүүчү субъекттерге мыйзам талаптары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, аныкталган кемчиликтерди жоюу үчүн тиешелүү эскертмелер тапшырылды.
Мэрия мамлекеттик тилди урматтоо жана анын талаптарын сактоо ар бир жарандын жана мекеменин жалпы жоопкерчилиги экенин белгилейт.
