Чүй районунун Садовое айылындагы Иса Укуев атындагы мектепте капиталдык оңдоо иштери кызуу жүрүп жатат. Долбоорду Курулуш министрлигине караштуу "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы ишке ашырууда.
Оңдоо иштери республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, анын жалпы наркы 170 миллион сомду түзөт.
Долбоордун алкагында мектеп имараты толугу менен жаңыланып, ички жасалгалоо иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле бардык инженердик тармактар алмаштырылып, көмүр менен иштеген жаңы жылытуу системасы орнотулууда.
Мындан сырткары окуу кабинеттери, лаборатория, китепкана, ашкана, жыйындар залы жана спорт залы заманбап талаптарга ылайык оңдолууда. Учурда имараттын сырткы фасадын жасалгалоо иштери уланууда.
Белгилей кетсек, союз мезгилинде курулган бул мектеп алгачкы жолу капиталдык оңдоодон өтүп жатат. Буга чейин 504 окуучуга ылайыкталган окуу имаратындагы жыйындар жана спорт залдары толук кандуу пайдаланууга мүмкүн эмес болчу.
Капиталдык оңдоо аяктагандан кийин мектеп пайдаланууга берилип, окуучулар заманбап жана ыңгайлуу шартта билим алышат.







