Саламаттык сактоо министри жол кырсыгынан жабыркаган адамдын өмүрүн сактап калган студентке ыраазычылык билдирди
Новость

3-август күнү И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын 6-курсунун студенти Адинай Кабенова жол кырсыгынын күбөсү болгон. 

Анын өз убагында көрсөткөн сабаттуу жана ыкчам алгачкы медициналык жардамынын аркасында жабыркаган адамдын абалын тез жардам кызматы келгенге чейин көзөмөлдөп, аман алып калуу мүмкүнчүлүгү  жогорулаган. 

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Адинай Кабенова менен жолугуп, анын кесипкөйлүгү, чечкиндүүлүгү жана кайдыгер карабаган мамилеси үчүн ыраазычылык билдирип, Саламаттык сактоо министрлигинин Ыраазычылык катын тапшырды.

“Медицинада терең билим абдан маанилүү. Бирок адамгерчилик, жоопкерчиликти өз мойнуна ала билүү жана эң оор учурда жардамга келүүгө даяр болуу да ошончолук баалуу. Адинай өзүнүн аракеттери менен бүгүнтөн тартып эле келечектеги дарыгер деген бийик наамга татыктуу экенин далилдеди. Анын өрнөктүү иш-аракети үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем”,- деди Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов.