Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун өлкөдө спортту өнүктүрүүгө жана эл аралык спорттук аренада Кыргызстандын аброюн көтөрүүгө багытталган мамлекеттик саясатынын алкагында кыргызстандык спортчулар XX Азия оюндарына кызуу даярдык көрүүдө.
XX Азия оюндарынын расмий ачылыш аземи 2026-жылдын 19-сентябрында өтөт. Дал ушул күндөн тарта Азия континентинин эң ири спорттук мелдеши расмий түрдө старт алып, 4-октябрга чейин уланат. Оюндардын жабылыш аземи да ушул күнү өткөрүлөт.
Ошол эле учурда спорттун айрым түрлөрү расмий ачылышка чейин эле башталат. Алсак, баскетбол боюнча мелдештер 10-сентябрда, ал эми футбол боюнча таймаштар 15-сентябрда старт алат.
УТРК XX Азия оюндарын Кыргыз Республикасынын аймагында көрсөтүүгө расмий телетрансляциялык лицензияга ээ болду.
Мелдештер Японияда өтүп, анда Кыргызстандын намысын 200дөн ашуун спортчуларыбыз коргойт.
Азия спортунун эң маанилүү окуяларын, кыргызстандык спортчулардын беттештерин, жеңиштерин жана мелдештин кызыктуу көз ирмемдерин УТРКнын түз эфиринен жана бардык маалыматтык аянтчаларынан көрө аласыздар.
Биз менен бирге спортчуларыбызга дем берип, алардын жеңиштерине күбө болуңуздар!
Кызматташуу үчүн: 0554 45 54 44



