Бишкек шаарында 6-августта саат 08:30дан 20:30га чейин ысык суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда "Бишкекжылуулуктармагы" муниципалдык ишканасы Фрунзе көчөсүндөгү капиталдык курулуштун алкагында жылуулук тармактарын кайра улоо жумуштарын жүргүзөт.
Суу өчүрүү төмөнкү даректердеги абоненттерге тиешелүү болот:
Турак үйлөр:
Тоголок Молдо көч.: № 21, 23, 23а, 23б, 25;
Логвиненко көч.: № 28/1, 32, 53, 55, 57, 59;
Фрунзе көч.: № 475, 495, 497, 499;
Панфилов көч.: № 188/1, 188/2, 190, 190/1, 200, 200а, 202, 239, 241;
Жибек Жолу проспектиси: № 328, 346;
Орозбеков көч.: № 112, 114, 116, 122.
Административдик жана социалдык объекттер:
Тоголок Молдо көч., 21а — Финансылык чалгындоо кызматы;
Логвиненко көч., 30 — № 3 төрөткана;
Логвиненко көч., 30/1 — № 3 Үй-бүлөлүк медицина борбору (ҮМБ);
Жибек Жолу проспектиси, 348 — Акимиат.
"Бишкекжылуулуктармагы" МИ тургундарга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.