УТРКнын "Телекүзөт" берүүсүнүн редакторуна кол салуу фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү кармалды
Новость

УТРКнын "Телекүзөт" берүүсүнүн редактору Жээнбай Каракүчүковго кол салуу фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси («Бейбаштык») менен кылмыш иши козголду.

Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө Октябрь РИИБинин кызматкерлери окуяга шектүүнүн өздүгүн аныкташты. Ал 1995-жылы туулган Т.Ж. аттуу жаран болуп чыкты.

Шектүү кармалып, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесинин негизинде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө уланууда.