Ысык-Көл облусунда өтүп жаткан Кыргыз-Россия экономикалык форумунун алкагында ата мекендик жана россиялык өндүрүүчүлөрдүн продукциялары коюлган көргөзмө ачылды.
Көргөзмөгө табигый азык-түлүктөр, айыл чарба жана өнөр жай техникалары, улуттук кол өнөрчүлүктүн үлгүлөрү болгон кийизден жасалган буюмдар, ошондой эле Кыргызстанда жана Россияда чыгарылган Chevrolet үлгүсүндөгү унаалар коюлган.
Көргөзмө менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук таанышууда.
Иш-чара эки өлкөнүн өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырып, соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана жаңы инвестициялык байланыштарды түзүүгө багытталган.


