Кыргызстанга 0,4 кВ чыңалуудагы СИП-2 кабелдери жеткирилди
Новость

Кыргызстанда электр энергетика тармагын жаңылоо иштери уланууда.  Энергетика министрлиги "Электр энергетика секторун модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү" (МУРЭС) долбоорунун алкагында өлкөгө 0,4 кВ чыңалуудагы өзүн өзү көтөрүүчү изоляцияланган СИП-2 кабелдеринин жаңы партиясы жеткирилгенин билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, МУРЭС долбоорунун "Бөлүштүрүүчү электр тармактарын реконструкциялоо жана модернизациялоо" компонентине ылайык, "Рус-Кабель" ЖЧКсы тарабынан кесилиши 3×70+1×70 мм² болгон 100 миң метр СИП-2 кабели жеткирилди. Келишимдин жалпы баасы 40,5 миллион сомду түзөт.

Жеткирилген кабелдер өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы 0,4 кВ чыңалуудагы бөлүштүрүүчү электр тармактарын реконструкциялоодо колдонулат.

Заманбап СИП-2 кабелдерин пайдалануу:

  • электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатат;
  • электр энергиясынын технологиялык жоготууларын азайтат;
  • авариялык кырдаалдардын санын кыскартат;
  • керектөөчүлөрдү туруктуу жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоого өбөлгө түзөт.

Энергетика министрлиги белгилегендей, бөлүштүрүүчү электр тармактарын модернизациялоо тармактагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири болуп саналат. Бул иштер кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртып, электр тармактарынын кызмат мөөнөтүн узартууга жана жаңы керектөөчүлөрдү тармакка кошуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтет.

Белгилей кетсек, МУРЭС долбоору Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда. Долбоордун негизги максаты – өлкөнүн электр бөлүштүрүүчү инфраструктурасын комплекстүү жаңылоо, энергетикалык системанын туруктуулугун жогорулатуу жана калкты, ошондой эле экономиканын объектилерин үзгүлтүксүз жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу.