Улуттук банк телефон алдамчыларынын жаңы ыкмасы тууралуу эскертти
Новость

Кыргызстандын Улуттук банкы жарандарды телефон аркылуу жасалган алдамчылыктын жаңы схемасына байланыштуу сак болууга чакырды.

Маалыматка ылайык, алгач белгисиз адамдар WhatsApp аркылуу байланышып, өздөрүн мобилдик байланыш операторунун кызматкери катары тааныштырышат. Алар байланыш кызматын узартуу же SIM-картаны жаңылоо шылтоосу менен SMS аркылуу келген төрт орундуу кодду айтып берүүнү өтүнүшөт.

Андан кийин жабырлануучуга өздөрүн "Түндүк" мамлекеттик порталынын кызматкерлери катары тааныштырган адамдар чалып, аккаунту бузулганын жана жеке маалыматтары үчүнчү жактардын колуна түшүп калганын билдиришет. Алар ар кандай шылтоолор менен жарандын банктык эсептери, кирешеси, депозиттери жана мүлкү тууралуу маалыматтарды тактоого аракет кылышат.

Кийинки этапта сүйлөшүүгө өздөрүн Улуттук банктын же укук коргоо органдарынын кызматкерлери катары көрсөткөн алдамчылар кошулат. Алар "атайын операция жүргүзүлүп жатат" деп ишендирип, жабырлануучуну жакындары менен байланышпоого көндүрүшөт. Ошондой эле анын атына мыйзамсыз насыя таризделип жатканын айтып, коркунуч жаратышат.

Мындан соң алдамчылар акчаны "коопсуз эсепке" которууну, насыя алууну же мүлкүн сатууну талап кылышы мүмкүн. Айрым учурларда кылмыш жоопкерчилиги, акчадан айрылуу же жакындарына зыян келтирүү менен да коркутушат.

Улуттук банк расмий мекемелердин жана банктардын кызматкерлери телефон аркылуу жашыруун коддорду, банктык реквизиттерди же жеке маалыматтарды сурабай турганын, ошондой эле эч качан акчаны "коопсуз эсепке" которууну талап кылбай турганын эскертет.

Эгер мындай шектүү чалуу кабыл алынса, сүйлөшүүнү дароо токтотуп, өзүңүз колдонгон банктын расмий байланыш номерине чалып маалыматты тактоо сунушталат. Ошондой эле окуя тууралуу жакындарыңызга кабарлап, эгер акча которулуп кеткен болсо, банктык картаны дароо бөгөттөп, укук коргоо органдарына кайрылуу зарыл.