Ишенбеңиз!!! "Ала-Тоо" программасынын логотиби жана алып баруучусунун видеосу колдонулган жалган жарнама тарады
Новость

Социалдык тармактарда "адал киреше табууга жардам берем" деген мазмундагы билдирүү тарады. Анда "Ала-Тоо" программасынын логотиби, алып баруучусунун жүзү жана берүүнүн микрофону пайдаланылган.
Бирок бул маалыматтын аталган программага эч кандай тиешеси жок. Кадрлар жасалма интеллекттин жардамы же монтаж аркылуу өзгөртүлүп даярдалган.
Колдонуучуларды мындай билдирүүлөргө ишенбөөгө, жеке маалыматтарын, банктык реквизиттерин бөлүшпөөгө жана шектүү сунуштарга этият мамиле кылууга чакырабыз.
Эскертүү: Белгилүү адамдардын сүрөттөрүн, телеберүүлөрдүн атрибуттарын уруксатсыз колдонуп, жалган киреше сунуштаган шылуундардын саны көбөйүүдө.