Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кара-Булак айылында 150 окуучуга ылайыкташкан жаңы мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти билдирди.
Маалыматка ылайык, билим берүү мекемеси республикалык бюджеттин эсебинен курулуп, долбоордун жалпы баасы 99 миллион сомду түзгөн.
Мектептин курулушу 2025-жылы башталган. Учурда эки кабаттуу имарат толугу менен бүткөрүлүп, анын айланасын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлүүдө.
Жалпы аянты 1281 чарчы метрди түзгөн жаңы мектепте окуу класстары, лаборатория, китепкана, ашкана, жыйындар залы, эмгек кабинеттери, дарыгердин бөлмөсү жана бардык талаптарга жооп берген спорт залы каралган.
Жаңы билим берүү мекемесин жаңы окуу жылынын башталышында пайдаланууга берүү пландалууда.
Долбоор аймактагы билим берүү инфраструктурасын чыңдоого, окуучулар үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.








