VIII Кыргыз-Россия экономикалык форумунун катышуучуларына Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров менен Россиянын Президенти Владимир Путиндин видеокайрылуусу көрсөтүлдү.
Садыр Жапаров өз сөзүндө Россия Кыргызстан үчүн ири инвестиция салган мамлекеттердин бири экенин белгилеп, эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгү мындан ары да чыңдала берерин айтты.
Президент ошондой эле Кыргызстан Россиянын рыногун ата мекендик продукцияны экспорттоонун негизги багыттарынын бири катары карай турганын баса белгиледи.
Өз кезегинде Владимир Путин Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду түзүлгөндөн бери жалпы суммасы 1 миллиард доллардан ашкан 4 миңге жакын биргелешкен долбоорду каржылаганын билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстанда россиялык капиталдын катышуусу менен 2 миңден ашуун ишкана иштеп жатат. Бул компаниялар ар түрдүү тармактарда атаандаштыкка жөндөмдүү продукцияларды өндүрүп, эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгын чыңдоого салым кошуп келишет.
