Ушул айдын аягында Кыргызстанга Россиядан бензин жана дизель отунунун алгачкы партиясы жеткирилет. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев билдирди.
Анын айтымында, Президенттин тапшырмасынын негизинде Россия тарап менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, тиешелүү келишимдерге кол коюлган.
«Россиянын өзүндө күйүүчү майга болгон суроо-талап жогору болгонуна карабастан, бизге жардам көрсөтүүгө макул болду. Ушул айдын аягына чейин биринчи партия келип түшөт», – деди Данияр Амангелдиев.
Буга чейин Кыргызстанга Россиядан ай сайын 100 миң тоннага чейин күйүүчү-майлоочу материалдар жеткирилип турары маалымдалган.