Ысык-Көл облусунда өтүп жаткан VIII Кыргызстан-Россия экономикалык форумунун жана XII Кыргыз–Россия аймактар аралык конференциясынын алкагында Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги өлкөнүн курулуш тармагындагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн чагылдырган атайын көргөзмө уюштурду.
Көргөзмөгө Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Артём Новиков, ошондой эле эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, инвесторлор жана бизнес коомчулугунун өкүлдөрү катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө курулуш министри Нурдан Орунтаев ардактуу конокторго Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан ири инвестициялык курулуш долбоорлорун тааныштырды.
Көргөзмөдө Бишкек шаарында жана Ысык-Көл аймагында курулуп жаткан заманбап турак жай комплекстери, көп функционалдуу шаар куруу долбоорлору, эл аралык мейманкана комплекстери жана курорттук инфраструктуралар сунушталды. Алардын катарында «Ала-Тоо Парк», «Урпак Резорт», «Монте-Карло», «Абу-Даби», «Ала-Тоо», «Елизавета Резорт», «Энесай Towers», «Тамчы Резорт», «Москва», «Domra Art», «Ак-Бермет SPA & Wellness Resort», «Асман Резиденс» (Radisson Blu), «Ак Кеме I-K Резорт» жана «Swiss Collection» долбоорлору бар.
Министр долбоорлордун архитектуралык өзгөчөлүктөрү, заманбап курулуш технологиялары, инженердик чечимдери жана инвестициялык, социалдык мааниси тууралуу маалымат берип, бул демилгелер өлкөнүн курулуш тармагын өнүктүрүүгө, заманбап шаар чөйрөсүн калыптандырууга, туризмди өркүндөтүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө олуттуу салым кошорун белгиледи.
Уюштурулган көргөзмө Кыргызстандын курулуш тармагындагы мүмкүнчүлүктөрдү эл аралык деңгээлде таанытууга, чет элдик инвестицияларды тартууга жана мамлекеттик органдар менен бизнес өкүлдөрүнүн кызматташтыгын бекемдөөгө багытталган маанилүү аянтча болду.











