Бүгүн, 6-августта Бишкек шаарынын Арстанбек Дүйшеев көчөсүндө курулуп жаткан көп кабаттуу турак жайдын курулушунда жүк көтөрүүчү автокрандын оодарылып кетүү фактысы катталды.
Окуя тууралуу маалымат түшөөр замат Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти тарабынан ыкчам текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жыйынтыгында автокран темир түтүктөрдү көтөрүү учурунда жүк көтөрүү техникасынын туруктуулугу талаптагыдай камсыздалбагандыктан оодарылып кеткени аныкталды.
Окуядан жабыркагандар болгон жок. Ал эми автокранды жылдыруу учурунда жанындагы бир жеңил унаанын сыртын чийип кеткен. Курулуш компаниясы келтирилген чыгымды толугу менен өз эсебинен калыбына келтирерин билдирди.
Ошондой эле курулуш иштеринде коопсуздук талаптарын жана курулуш ченемдерин бузгандыгы үчүн “Нурзаман” ЖЧКсына 200 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Мындан сырткары прораб менен кран башкаруучу сертификатынан ажыратылды.
Ал эми мамлекеттик көзөмөлдү талаптагыдай жүргүзбөгөндүгү үчүн Департаменттин жооптуу адисине тартиптик чара көрүлүп, ал ээлеген кызматынан бошотулду.