2026-жылдын 6-августунда Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргыз Республикасына келди.
“Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан Россия Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустинди МинКаб Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков тосуп алды.
Белгилей кетсек, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны 6-7-август күндөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин премьер-министрлеринин жана байкоочу мамлекеттердин делегация башчыларынын катышуусунда өтөт.





