Бишкек менен Нижний Новгород достук мамилелер жөнүндө келишимге кол коюшту
Новость

Бүгүн, 2026-жылдын 6-августунда, VIII Кыргыз-Орус экономикалык форумунун жана XII Кыргыз-Орус аймактар аралык конференциясынын алкагында Кыргыз Республикасынын Бишкек шаары менен Россия Федерациясынын Нижний Новгород шаарынын ортосунда достук мамилелерди түзүү жөнүндө келишимдин документтерин алмашуу аземи өттү.

Келишимге Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жана Нижний Новгород шаарынын мэри Юрий Шалабаев кол коюшту.

Бишкек шаарынын мэринин атынан документтерди алмашуунун расмий аземине мэрдин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев катышты. Иш-чара Ысык-Көл облусунун Бостери айылында өттү.

Келишим шаарлардын ортосундагы түз байланыштарды чыңдоого, ошондой эле соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык, билим берүү, туризм жана башка тармактардагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган.

Документ тажрыйба алмашууга, биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга жана эки шаардын муниципалдык бийлик органдарынын, мекемелеринин жана бизнес коомчулуктарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө негиз түзөт.

Белгилей кетсек, VIII Кыргыз-Орус экономикалык форуму жана XII Кыргыз-Орус аймактар аралык конференциясы 2026-жылдын 5–7-августунда "Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк: 2030-жылга чейинки артыкчылыктар" жана "Кыргызстан 2030: аймактардын өнөктөштүгү" деген темалардын алкагында өтүүдө.