Бишкектеги базардан чыккан өрт өчүрүлдү
Новость

Бишкектеги базардан чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

2026-жылдын 6-августунда саат 22:48де Бишкек шаарынын Орозбеков көчөсүндө жайгашкан базардан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

"Өрттү өчүрүүгө жалпы 6 бөлүм жана штаб тартылган. Өрттү өчүрүү иштерине Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы окуя болгон жерде өзү жетекчилик кылып, өрттү өчүрүү иштерин координациялаган. Өрт 2026-жылдын 7-августунда саат 09:06да толук өчүрүлгөн. Жабыркагандар жок", -  деп айтылат маалыматта.