Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келди
Новость

2026-жыл 7-августунда Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргыз Республикасына келди.

“Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Ариповду Кыргыз Республикасынын МинКаб Төрагасынын орун басары   Эрлист Акунбеков тосуп алды.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 6-7-август күндөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин премьер-министрлеринин жана байкоочу мамлекеттердин делегация башчыларынын катышуусунда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп жатат.