Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги "Таш-Рабат" тарыхый-архитектуралык комплексинде жүргүзүлүп жаткан оңдоо-реставрациялоо иштерине байланыштуу жарандарга жана туристтерге кайрылуу жасады.
Министрликтин маалыматына ылайык, "Таш-Рабат" өлкөнүн эң баалуу тарыхый-маданий эстеликтеринин бири болуп саналат. Учурда анда "Көөнө тарых сырлары" мамлекеттик программасынын алкагында комплекстүү реставрациялоо иштери жүрүп жатат.
Реставрациянын максаты – тарыхый эстеликти сактоо, анын конструкцияларын бекемдөө жана келечек муундарга жеткирүү. Иштер этап-этабы менен жүргүзүлүп, 2027-жылга чейин уланат.
Учурда комплекстин аймагында курулуш техникалары жана адистер иштеп жаткандыктан, коопсуздукту камсыздоо максатында айрым тилкелерге убактылуу чектөө киргизилди.
Ушуга байланыштуу министрлик жарандарды, туристтерди, ошондой эле туристтик компанияларды реставрациянын негизги этаптары аяктаганга чейин "Таш-Рабат" комплексине баруудан убактылуу карманууга чакырды.
Министрлик чектөөлөр убактылуу мүнөзгө ээ экенин белгилеп, иштер аяктагандан кийин комплекс кайрадан толук кандуу келүүчүлөр үчүн ачыларын маалымдады.

