1-сентябрда мүлк салыгын төлөө мөөнөтү аяктайт
Новость

Мамлекеттик салык кызматы жарандарды- мүлк салыгын өз убагында төлөөгө чакырат.

2026-жылдын 1-сентябрына чейин ишкердик жүргүзүүдө пайдаланылбаган турак үйлөр жана батирлер, ошондой эле үй жанындагы, короо алдындагы жана бакча-чарба жер тилкелери үчүн мүлк салыгы төлөнүшү керек.

Салыкты салык төлөөчүнүн жеке кабинети аркылуу онлайн жана ыңгайлуу түрдө төлөөгө болот.

Белгиленген мөөнөттөн кечиктирилген учурда карыздын суммасына ар бир өткөн күн үчүн 0,09 пайыз өлчөмүндө туум эсептелет.

Мамлекеттик салык кызматы жарандарды кошумча чыгымдарга жол бербөө үчүн мүлк салыгын өз убагында төлөөгө чакырат.