УКМК: Опузалап талап кылууга шектелген топтун мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду
Новость

Уюшкан кылмыштуулукка каршы жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында УКМК тарабынан опузалап талап кылууга шектелген топтун мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

2026-жылдын 6-августунда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жергиликтүү ишкерден опузалап талап кылынган акча каражатын алып жаткан учурда 1999-жылы туулган А.у.А. аттуу жаран кылмыш үстүндө кармалды.

Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө анын дагы үч шериктеши – 2001-жылы туулган Д.у.К., 2001-жылы туулган М.Ш.М. жана 2000-жылы туулган А.Э.К. кармалган.

Тергөө органдарынын маалыматына ылайык, шектүүлөр ишкерди күч колдонуу менен коркутуп, андан ири өлчөмдөгү акча каражатын опузалап талап кылышкан.

Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 4-бөлүгү («Уюшкан топ тарабынан жасалган опузалоо») боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда кылмыштын бардык жагдайларын аныктоо жана ага тиешеси бар башка адамдарды тактоо максатында тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары улантылып жатат.

КР УКМК уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш улантыларын белгилеп, шектүүлөрдүн мыйзамсыз аракеттеринен жабыркаган жарандарды КР УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына +996 555 540 052 телефону аркылуу кайрылууга чакырат.

SaveClip.App_765324792_18100926404583088_9200301508800243806_n.jpg 127.38 KB