Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын 1-июлуна карата иш менен камсыз кылуу кызматтарына 77 миң 551 жаран кайрылган.
Алардын ичинен 52 миң 807 жаранга эмгек мыйзамдары, иш менен камсыз кылуу, кесиптик окутуу жана кайра даярдоо мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле кесип тандоо боюнча консультациялар берилген.
Отчеттук мезгил ичинде иш менен камсыз кылуу кызматтарынын көмөгү менен 7 миң 106 жумушсуз жаран ишке орноштурулган. Алардын 4 миң 87си аялдар болсо, 3 миң 744ү жаштар.
Министрликтин маалыматына ылайык, өлкөдө кесипке багыт берүү борборлору Бишкек, Каракол, Нарын, Талас, Жалал-Абад, Өзгөн, Ош жана Баткен шаарларында, ошондой эле Чүй облусунун Сокулук районунда иш алып барууда. Бул борборлор окуучуларга жана жумушсуз жарандарга кесип тандоо боюнча кеңеш берип, эмгек рыногунда талап кылынган адистиктер тууралуу маалымат сунуштайт.
2026-жылдын 1-июлуна карата 39 миң 663 жаран кесипке багыт берүү боюнча консультация алган. Анын ичинен 17 миң 303ү жумушсуз жарандар, ал эми 22 миң 360ы окуучулар жана жаштар.
Мындан сырткары, 3 миң 451 жумушсуз жаран кесиптик окууга жөнөтүлгөн. Алар компьютер оператору, ашпозчу, соода агенти, косметолог, чач тарач, маникюр боюнча мастер, массажист, визажист, котормочу, бухгалтер, айдоочу, электргаз ширетүүчү, слесарь-сантехник, тигүүчү, бычмачы жана башка эмгек рыногунда суроо-талапка ээ кесиптер боюнча билим алышууда.
Ошондой эле 2026-жылдын 1-июлуна карата 9 миң 669 жумушсуз жаран акы төлөнүүчү коомдук иштерге тартылган. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 69 пайызга көбөйгөн.