Төө-Моюн айылында медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгү жакшыртылууда
Новость

 Саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Тилек Мамадалиев Ош облусунун Араван районундагы Төө-Моюн айылына жумушчу сапары менен барып, жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Ал медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча мурда кабыл алынган чечимдердин аткарылышы менен таанышты.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын апрель айында Президент Садыр Жапаровдун Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө Төө-Моюн айылынын тургундары медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгү боюнча кайрылышкан. Анын негизинде саламаттык сактоо министри Дамир Осмоновдун чечими менен айылдын 20 миңге жакын тургуну Кызыл-Кыя шаарындагы Жалпы дарыгерлик практика борборуна бекитилген. Натыйжада жакынкы медициналык мекемеге чейинки аралык кыскарып, медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгү жогорулаган.

Жолугушуунун жүрүшүндө Тилек Мамадалиев медициналык кызматкерлерге жаңы тез жардам унаасын тапшырды. Ошондой эле мекемеге заманбап санариптик флюорография аппараты орнотулуп, ал профилактикалык текшерүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн арттырып, ооруларды өз убагында аныктоого шарт түзөрү белгиленди.

Мындан тышкары, Төө-Моюн филиалынын имаратында жакынкы мезгилде капиталдык оңдоо иштери башталат. Бул максатка 14 миллион сомдон ашык каражат каралган.

Жумушчу сапардын алкагында министрдин биринчи орун басары Кызыл-Кыя шаарындагы Жалпы дарыгерлик практика борборуна да барып, жаңы пайдаланууга берилген компьютердик томографтын иши менен таанышты. Заманбап жабдуу аймак тургундарына жогорку тактыктагы диагностикалык кызматтарды жеринен алууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Ошондой эле ал мекемеде башкаруучулук жана финансылык автономияны киргизүү боюнча пилоттук долбоордун ишке ашырылышы менен таанышты. Апробациялык режимде борбор жаңы бекитилген прейскурант боюнча бейтаптарды кабыл ала баштаган.

Саламаттык сактоо министрлиги белгилегендей, милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылган жарандар үчүн медициналык жардам көрсөтүүнүн шарттары өзгөргөн жок. Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында медициналык жардам мурдагыдай эле толук көлөмдө көрсөтүлөт. Ал эми шашылыш медициналык жардам бейтаптын абалы турукташканга чейин камсыздандыруу полисине, документтерине же жарандыгына карабастан бардык жарандарга акысыз көрсөтүлөт.

Тилек Мамадалиев жүргүзүлүп жаткан реформалар мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын натыйжалуулугун жогорулатууга жана калк үчүн сапаттуу медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга багытталганын белгиледи.

"Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан кабыл алынган чечимдер адамдар үчүн реалдуу натыйжа берүүгө тийиш. Биз көрүп тургандай, кабыл алынган чаралар Төө-Моюн айылынын тургундары үчүн медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатты. Биздин милдет – медициналык уюмдардын материалдык-техникалык базасын мындан ары да чыңдоо, башкаруу системасын өркүндөтүү жана ар бир бейтапка сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө бардык шарттарды түзүү", – деди Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Тилек Мамадалиев.