Таластын Өтмөк ашуусуна электр мамычалары орнотулуп, 750 даана жарыктандыруу коюлат
Новость

Талас облусунда жол инфраструктурасын жакшыртуу, туризмди өнүктүрүү жана калк үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган бир катар маанилүү долбоорлор ишке ашырылууда. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев билдирди.

Анын айтымында, Талды-Булак айылынан Талас облусунун кире беришиндеги аркага чейин жалпы узундугу 36 чакырымды түзгөн электр чубалгылары тартылып, 750 даана көчө жарыктандыруу чырагы орнотулат.

"Бул долбоор негизги автожолду толук жарыктандырып, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга, жол-транспорт кырсыктарынын алдын алууга жана аймактын көркүн арттырууга өбөлгө түзөт", — деди Эрмат Джумаев.

Мындан тышкары, Талас облусунун кире беришинде туристтер жана жүргүнчүлөр үчүн заманбап рест-поинт курулууда. Анда заманбап ажаткана, кофекана, соода түйүнү жана электр унааларын кубаттоочу жай каралган. Долбоордун негизги максаты — жергиликтүү тургундарга жана облуска келген меймандарга сапаттуу кызмат көрсөтүү менен туристтик инфраструктураны өнүктүрүү.

Аталган долбоорлор аймактын инфраструктурасын модернизациялоого, туризм тармагын колдоого, калктын жашоо сапатын жогорулатууга жана Талас облусунун инвестициялык жагымдуулугун арттырууга Президент Садыр Жапаровдун колдоосунун негизинде ишке ашырылууда.