Министр Нурдан Орунтаев Караколдогу ири курулуш объекттеринин жүрүшүн текшерди
Новость

6-августта Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Каракол шаарына болгон иш сапарынын алкагында аймактагы бир катар ири курулуш объекттерин кыдырып, курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Министр алгач реконструкцияланып жаткан Каракол шаардык тарыхый музейиндеги иштерди текшерип, андан соң эл аралык деңгээлдеги спорттук шаарчанын курулушун жана шаардагы борбордук сейил бактын реконструкция иштерин көрүп чыкты.

Текшерүүнүн жүрүшүндө министр курулуш иштеринин сапатына өзгөчө көңүл буруп, бардык жумуштарды курулуш ченемдерине, техникалык талаптарга жана бекитилген долбоордук чечимдерге ылайык жүргүзүүнү тапшырды. Ошондой эле объекттерди белгиленген мөөнөттө пайдаланууга берүү үчүн курулуш иштерин графикке ылайык уюштурууну милдеттендирди.

Учурда Каракол шаарынын Кашка-Суу кичи районунда жалпы аянты 12 гектарды түзгөн заманбап спорттук шаарча курулуп жатат. Долбоордун алкагында 275 орундуу спорттук интернат, эл аралык стандарттагы көп функциялуу спорт комплекси, олимпиадалык стандарттагы бассейн жана 200 орундуу мейманкана салынууда.

Мындан тышкары, Каракол шаардык тарыхый музейинин реконструкциясы үстүбүздөгү жылдын март айында башталган. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, анын жалпы наркы 159 миллион сомду түзөт. Учурда үч корпустан турган музейдин ички бөлүгү толугу менен жаңыланып, инженердик тармактары заманбап талаптарга ылайык модернизацияланууда. Объект тарыхый-маданий мурас болуп саналгандыктан, анын баштапкы архитектуралык өзгөчөлүгү толугу менен сакталууда.

Ошондой эле министр Каракол шаарынын борбордук сейил багындагы реконструкция иштеринин соңку этабы менен таанышты. Жалпы аянты 7,5 гектарды түзгөн сейил бакта жаңы аттракциондор орнотулуп, коомдук тамактануу жайлары курулуп, шаар тургундары жана коноктору үчүн заманбап эс алуу шарттары түзүлүүдө.

Иш сапардын соңунда Нурдан Орунтаев Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы «Ала-Тоо Резорт» тоо-лыжа курортунда курулуп жаткан башкы суу алуучу курулманын, ичүүчү суу резервуарларынын жана башка инфраструктуралык объекттердин курулуш иштеринин жүрүшүн текшерди. Министр аткарылып жаткан иштердин жүрүшү менен жеринен таанышып, курулуш иштерин өз мөөнөтүндө жана сапаттуу бүткөрүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.