Салык мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилди
Новость

 Президент Садыр Жапаров 2026-жылдын 6-августунда "Салык салуу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" №145 Мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мыйзам Президенттин салык системасын жана салыктык башкарууну өркүндөтүү боюнча Жарлыгын ишке ашыруу максатында кабыл алынган. Документ Салык кодексиндеги айрым боштуктарды жана карама-каршылыктарды жоюуга, ошондой эле ишкердик жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Мыйзамга ылайык, Креативдүү индустриялар паркынын резиденттери үчүн бирдиктүү салыктын ставкасы беш жылдык мөөнөткө нөл пайыз болуп белгиленди. Ал эми сауна, мончо жана коомдук тамактануу тармагындагы субъекттер үчүн бирдиктүү салыктын жаңы ставкалары киргизилип, алар 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Ошондой эле жаңы курулган турак жана турак эмес жайларды саткан субъекттер үчүн аванстан салык төлөө тартиби сакталса, калган бардык категориялар үчүн бул талап 2026-жылдын 1-январынан тартып жокко чыгарылды. Жаңы курулган турак жана турак эмес жайларды сатууда бирдиктүү салыктын ставкасы төлөмдүн түрүнө карабастан 4 пайыз болуп белгиленди.

Мыйзамга ылайык, 2026-жыл үчүн автоматтык түрдө эсептелген кыймылсыз мүлк салыгы боюнча туумдар алынбайт. Ошондой эле жөнөкөйлөтүлгөн салык режимин колдонгон ишкерлерге 2026-жылдын 1-октябрына чейин өз ыктыяры менен жалпы салык режимине өтүүгө уруксат берилди.

Мындан тышкары, субъекттерге 2025-жылдын 1-апрелине чейин легалдаштырылган товар калдыктарын тактоо укугу берилди. Алтын жана күмүш кендерин казып алуучу жана кайра иштетүүчү ишканалар үчүн киреше салыгынын ставкасы дүйнөлүк биржалардагы бааларды эске алуу менен жогорулатылды. Транзакциялык салык режиминин колдонуу чөйрөсү кеңейтилди, ал эми электрондук соодадагы айрым функциялар Салык кызматына өткөрүлдү.

Мыйзамда ошондой эле айрым салык карыздарын, туумдарды жана санкцияларды эсептен чыгаруу тартиби каралган. Айыл чарба жаныбарларын экспорттоочулар жана көмүр казып алуучу ишканалар белгиленген шарттарды аткарган учурда салык жеңилдиктеринен пайдалана алышат.

Мындан сырткары, мурдагы карыздарды эсептен чыгаруу өнөктүктөрү боюнча туумдарды жоюу мүмкүнчүлүгү киргизилип, транзакциялык салык төлөөчүлөргө товар калдыктарын 2026-жылдын 31-декабрына чейин мурда колдонулган режим боюнча сатууга уруксат берилди.

Ошондой эле Укук бузуулар жөнүндө кодекстен товар ташууда колдонулган транспорт каражаттарын конфискациялоо тууралуу норма алынып салынып, анын ордуна дифференцияланган айып пулдар киргизилди.

Мыйзам менен Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодекске да өзгөртүүлөр киргизилип, салыктык эмес кирешелер боюнча отчеттордун жана эсептердин формаларын бекитүү укугу Салык кызматына берилди. Мындан тышкары, доонун эскирүү мөөнөтү өткөндөн кийин ашыкча төлөнгөн салыктык эмес кирешелерди жана туумдарды бюджеттин пайдасына эсептен чыгаруу тартиби киргизилди.

Мыйзам салыктык башкарууну өркүндөтүүгө, ишкерлер үчүн шарттарды жакшыртууга жана салык мыйзамдарын колдонуудагы так эместиктерди жоюуга багытталган.