Бишкек "Биримдик кербенин" тосуп алууга даярданууда.
Новость

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналган "Биримдик кербени" долбоорунун алкагында Ала-Тоо аянтында майрамдык иш-чарага арналган боз үйлөрдү тигүү аземи өттү.

Учурда кербен өлкө аймагын кыдырып, булактардан суу чогултууда. Эстафета 40 районду камтыйт. Жыйналган суу иш-чаранын соңунда Ысык-Көлдө өтө турган "40 ууктун бир түндүгү" аттуу аземде бир казанга бириктирилет.

Ага чейин Бишкектен чогултулган суу куюлган кумура Асанбай кичи районундагы «А-Банк» бөлүмүндө сакталат. Каалоочулар келип, кумураны көрүп, сүрөткө түшө алышат.