Маданий туристтик өнүмдөрдү жаратуу боюнча сынакка табыштамаларды кабыл алуу мөөнөтү узартылды
Новость

 Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги Корея Республикасынын ЮНЕСКОнун колдоосу алдындагы Азия-Тынч океан аймагындагы материалдык эмес маданий мурастар боюнча эл аралык маалыматтык-тармактык борбору (ICHCAP) менен биргеликте өткөрүп жаткан республикалык сынакка табыштамаларды кабыл алуу мөөнөтү 2026-жылдын 20-октябрына чейин узартылганын билдирди.

Сынактын негизги максаты - кыргыз элинин салттуу оозеки чыгармачылыгындагы сюжеттер менен образдардын негизинде заманбап дизайнды жана рыноктун талаптарын айкалыштырган уникалдуу маданий туристтик өнүмдөрдү жаратуу.

Сынакка "Манас" эпосунун үчилтиги, кенже эпостор, уламыштар, жомоктор жана макал-лакаптардын негизинде даярдалган долбоорлор сунушталат.

Баш байге - 100 миң сом. Мындан тышкары, мыкты чеберчилик, өзгөчө идея жана кызыктыруучу сыйлыктар каралган.

Табыштамалар 2026-жылдын 20-октябрына чейин кабыл алынат. Долбоорлор Google Form аркылуу жана psckyrgyz@gmail.com электрондук дарегине жөнөтүлөт.

Ошондой эле 2026-жылдын 31-июлуна чейин табыштамасын тапшырган катышуучуларга өз долбоорлорун толуктап, өркүндөтүп кайра сунуштоого мүмкүнчүлүк берилет.