Бишкекте айрым даректерде ысык суу убактылуу өчүрүлөт
Новость

 Бишкекте айрым даректерде ысык суу убактылуу өчүрүлөт "Бишкекжылуулуктармагы" муниципалдык ишканасы Фрунзе көчөсүндөгү жылуулук тармагын реконструкциялоонун алкагында жылуулук тармактарын кайра туташтыруу иштери жүргүзүлөрүн билдирди. 

Буга байланыштуу 2026-жылдын 8-августунда саат 08:30дан 21:00гө чейин айрым даректерде ысык суу берүү убактылуу токтотулат. Өчүрүү төмөнкү даректердеги абоненттерге тиешелүү: - Баетов көчөсү, №74, 75, 81, 85; - Тыныстанов көчөсү, №144; - Эркиндик бульвары, №63, 71, 73; - Жумабек көчөсү, №123, 125, 129; - Абдрахманов көчөсү, №214; - Фрунзе көчөсү, №364/3. "Бишкекжылуулуктармагы" МИ тургундардан убактылуу ыңгайсыздыкка түшүнүү менен мамиле кылууну суранат.