Кыргызстанда жер титирөө катталды
Новость

9-августта саат 21:42де Кыргызстанда жер титирөө катталды.
Сейсмология институтунун маалыматына караганда, жер титирөөнүн магнитудасы 3,4 болуп, күчү 3 баллга жеткен.
Жер титирөө Нура жана Икизяк айылдарынын аймагында сезилген. Жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу маалымат жок.