Кыргызстан-Тажикстан чек арасында жер титирөө катталды
Новость

10-августта саат 08:12де жергиликтүү убакыт боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында жер титирөө катталды.

КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун сейсмологиялык станцияларынын маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогундагы күчү MSK-64 12 баллдык шкаласы боюнча 3 баллды, магнитудасы Mpв=3,4, энергетикалык классы K=8,5 болду.

Институттун алдын ала маалыматы боюнча, жер титирөөнүн очогу Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында, Заалай кырка тоосунда, Ачык-Суу айылынан 20 чакырым түштүк-батышта, Ош шаарынан 142 чакырым түштүк-батышта жайгашкан.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын калктуу аймактарында жер титирөөнүн күчү сезилген жок.