Кыргызстанда 387 этникалык кыргызга кайрылман статусу берилди
Новость

Кыргызстанда 2026-жылдын жети айында 387 этникалык кыргызга кайрылман статусу берилди.

Бул тууралуу  Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, кайрылман статусу этникалык кыргыздардын Кыргызстанда туруктуу жашоосуна жана тиешелүү мамлекеттик кызматтардан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө шарт түзөт.

Министрлик этникалык кыргыздарды мекенге кайтаруу жана аларды коомго интеграциялоо багытындагы иштер улантылып жатканын белгиледи.