"Каракол" эл аралык аэропорту биринчи жолу Airbus A320 учагын кабыл алды
Новость

2026-жылдын 10-августунда "Каракол" эл аралык аэропортунда учуп-конуу тилкесин масштабдуу реконструкциялоо иштери аяктагандан кийинки алгачкы техникалык каттам аткарылды. Аэропорт тарыхында биринчи жолу магистралдык класстагы Airbus A320 учагын кабыл алды. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ишканасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жаңыланган аэродромдун инфраструктурасы ири учактарды кабыл алууга даяр экени тастыкталды.

Реконструкциянын алкагында "Каракол" эл аралык аэропортунун учуп-конуу тилкеси 2 450 метрден 3 750 метрге чейин узартылды. Ошондой эле заманбап жарык-сигнал берүүчү жабдуулар жана ILS инструменталдык конуу системасы орнотулду. Бул жаңылануулар аэропорттун эксплуатациялык мүмкүнчүлүктөрүн кыйла кеңейтип, учуулардын коопсуздук деңгээлин жогорулатат.

"Кыргызстан аэропорттору" ААКы башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов бүгүнкү окуя Ысык-Көл облусунун авиация тарыхында жаңы баракты ачканын белгиледи.

85fd2006-dfe2-41e7-b34c-e52baaeb8509.jfif 66.05 KB

"Бүгүн “Каракол” эл аралык аэропорту үчүн чындыгында тарыхый күн. Бул жерге биринчи жолу Airbus A320 учагы конду. Буга чейин аэропорттун ири аба кемелерин кабыл алуу мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болсо, бүгүн учуп-конуу тилкесинин 3 750 метрге чейин узартылышы жана аэродром инфраструктурасынын модернизацияланышы менен биз таптакыр жаңы деңгээлге чыгып жатабыз.

Эми “Каракол” жөн гана эл аралык аэропорт деген макамга ээ болбостон, эл аралык каттамдардын тармагын өнүктүрүү үчүн реалдуу техникалык мүмкүнчүлүктөргө ээ болду.

Учурда биз Россиядан, КМШ өлкөлөрүнөн, Жакынкы Чыгыш мамлекеттеринен жана башка келечектүү рыноктордон жаңы багыттарды ачуунун үстүндө иш алып барып жатабыз. Биздин негизги максатыбыз - Караколду Ысык-Көлдүн толук кандуу аба дарбазасына айландыруу жана чет элдик туристтердин Кыргызстандын негизги туристтик аймактарынын бири болгон Ысык-Көлгө түз жетүүсүнө шарт түзүү.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын жарандык авиациясында болуп жаткан бардык масштабдуу өзгөрүүлөр Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун колдоосу жана жеке демилгесинин аркасында мүмкүн болду. Аэропорт инфраструктурасын жана ата мекендик авиацияны өнүктүрүү мамлекеттик маанилүү артыкчылыктардын бири катары аныкталган.

Акыркы жылдары өлкө боюнча аэропортторду куруу жана модернизациялоо иштери таптакыр жаңы темп менен жүрүп жатканын көрүп жатабыз. Биздин милдет - бул ишти улантып, Кыргызстанды дүйнө үчүн дагы да жеткиликтүү өлкөгө айландыруу", - деди Манасбек Самидинов.