Аламүдүн районунда жайыт мыйзамын бузган айдоочуларга айып салынды
Новость

Аламүдүн районунда жайыттарды коргоо боюнча рейд өтүп, мыйзам бузган айдоочуларга айып салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда министрликке караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча башкармалыгы Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү менен биргеликте кезектеги рейддик иш-чара өткөрдү.

Рейд жергиликтүү тургундардан түшкөн кайрылуулардын негизинде уюштурулган. Алардын маалыматына ылайык, Аламүдүн районунун Беш-Күңгөй айылынын үстүндөгү жайыт жерлеринде айрым жарандар "эндуро" үлгүсүндөгү мотоциклдерди айдап, жайыттын кыртышын бузуп, экологияга зыян келтирип жатышкан.

Текшерүүнүн жүрүшүндө мыйзам бузган жарандар аныкталып, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин тиешелүү беренесине ылайык эки жаранга административдик протокол түзүлдү. Ар бирине 5 500 сом өлчөмүндө айып пул салынып, жалпы айып пулдун суммасы 11 000 сомду түзгөн.