Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында спорттун 24 түрүнөн мелдештер өтөт
Новость

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына спорттун 24 түрү боюнча мелдештер өтөт. Ага дүйнөнүн 104 мамлекетинен спортчулар катышаары күтүлүп жатат. 
Нарын облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын жетекчиси Акназар Акматалиев билдиргендей, Нарын облусунан 14 спортчу барат. Алар эр эңиш, тыйын эңмней, кыргыз күрөш, салбуурун, көк бөрү өңдүү улуттук спорттун түрлөрү боюнча Улуттук курама команданын курамында Кыргызстандын намысын коргошот.  
Машыгуулар учурда Ысык-Көл облусунда КРнын улуттук курама командасы менен өтүүдө. 
“Буга чейин өткөн Көчмөндөр оюндарында Кыргыз Республикасынын командасы биринчи орундан түшө элек. Быйыл да ошондой жыйынтык күтүп жатабыз. КР жалпы командалык эсепте биринчи орунду көргөзөт деген үмүттөбүз”,-дейт ал.