2026-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоо жана пенсиянын минималдуу өлчөмүн 8 800 сомго чейин жогорулатуу пландалууда.
Индексация 2026-жылдын 10-августундагы Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу максатында жана «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-статьясына ылайык жүргүзүлөт. Өткөн календардык жылда орточо эмгек акынын жана керектөө бааларынын индексинин өсүшү индексация жүргүзүү үчүн негиз болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча керектөө бааларынын индекси – 108,2%ды, орточо эмгек акынын өсүшү – 117,6%ды түздү. Индексациялоонун эсептик коэффициенти – 1,13 түздү.
Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин финансылык мүмкүнчүлүктөрүн эске алып жана пенсионерлерди кошумча колдоо максатында 2026-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоо коэффициентин 1,20 өлчөмүндө, бирок 1 000 сомдон кем эмес жана 10 000 сомдон ашпаган өлчөмдө белгиленди.
Мындан тышкары жаңы пенсия чектөөдө, пенсиянын базалык бөлүгүн жеткирүүнүн эсебинен анын минималдык өлчөмү 8 800 сомдон төмөн болбошу керек.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча 2026-жылдын 1-октябрына карата пенсионерлердин саны 832,4 миң адамды түзөт. Пенсиялык фонддун каражаттарынын эсебинен индексациялоо жүргүзүүгө 4,4 млрд. сом каралган.
Боло турган индексациялоонун жыйынтыгында пенсиянын орточо өлчөмү 12 898 сомго жетет, жогорулатуунун орточо өсүшү жогорулатуу учуруна карата 1753 сомду же 116% ды түзөт.