Бишкектеги Көк-Жар кичи районунда мыйзамсыз курулуш жүргүзгөн компания кара тизмеге кирди
Новость

Бишкек шаарынын Көк-Жар кичи районундагы курулуш объектисинде жөө адамдар өтүүчү тротуардын бузулгандыгы боюнча кайрылуу түшкөн. Анын негизинде Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгы тарабынан толук текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой жер казуу иштеринен улам тротуар бузулуп, айрым тилкелеринде жаракалар пайда болгон. Текшерүүдө көрктөндүрүү эрежелеринин, коопсуздук жана курулуш талаптарынын сакталбагандыгы аыкталды. Мындан тышкары, объект Мамлекеттик бирдиктүү курулуш реестрине катталбастан, курулуш-монтаждоо иштери жүргүзүлгөн.

Натыйжада “Улан Строй Компани” ЖЧКсына карата тиешелүү протокол түзүлүп, 200 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Мыйзамда белгиленген тартипте компаниянын лицензиясы 90 күнгө токтотулуп, кара тизмеге киргизилди. Прораб Б. у. А. жана инженердик-техникалык кызматкерлер квалификациялык сертификаттарынан ажыратылып, Департаменттин тиешелүү инспектору ээлеген кызматынан бошотулду.

Мындан тышкары, объектинин жумушчу долбоору жана шаар куруу корутундусу жокко чыгарылды.

"Ошондой эле, Департамент тарабынан компанияга бузулган тротуарды толук калыбына келтирүү талабы коюлду. Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы жана ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан объекттеги оор жүк ташуучу атайын техникаларды пайдаланууга тыюу салынып, аларга мөөр басылды. Учурда жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бузулган тилке тосулуп, кошумча жарыктандыруу орнотулду. Курулуш министрлиги бардык компанияларды курулуш ченемдерин жана коопсуздук талаптарын так сактоого чакырат. Башкы талап - жарандардын коопсуздугу", - деп айтылат маалыматта.