Стол тенниси боюнча Казакстанда өткөн эл аралык турнирде кыргызстандык спортчулар байгелүү орундарга ээ болушту
Новость

Үстүбүздөгү жылдын 7-8-август күндөрү Казахстан Республикасынын Кызыл-Ордо облусунда стол тенниси боюнча эл аралык турнир болуп өттү. 
Бул турнирге Казахстандан, Өзбекстандан жана Кыргызстандан барган  жүздөн ашуун сптортчу ар курак боюнча өз категорияларында күч сынашты. 

Кыргызстандан барган спортчулар да ийгиликке жетип, байгелүү орундарга ээ болушту. 

Кыргыз Республикасынын спорт чеберлигине талапкер (КМС) Малик Жээнкулов  50 жаштан жогоркулар арасында 3-орунду багындырып кайтса,  УТРКнын журналистти Жаныбек Эсеналиев 40 жаштан жогокулар арасында 2-орунга ээ болуп кайтты. Кызыл-Ордо облусунда өткөн бул турнир өтө жогорку деңгээлде, мыкты уюшкандыкта өттү.

WhatsApp Image 2026-08-11 at 9.26.49 AM (1).jpeg 112.01 KB