Кара-Балта шаарында жаштардын ортосунда мушташ чыгып, катыштыгы бар жарандар милицияга жеткирилди
Новость

Кара-Балта шаарында жаштардын ортосунда массалык мушташ чыгып, катыштыгы бар жарандар милицияга жеткирилди. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой 2026-жылдын 7-августунан 8-августуна караган түнү Кара-Балта шаарынын Береговая көчөсүндө жаштар топтолуп, мушташып жаткандыгы тууралуу маалымат Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө келип түшкөн. Маалыматтын негизинде ыкчам-тергөө тобунун кызматкерлери окуя болгон жерге барышкан. Барган учурда 17 жаштан 20 жашка чейинки жарандар өз ара мушташып жаткандыгы аныкталган.

Аталган факты Жайыл РИИБде катталып, тиешелүү текшерүү иштери башталган.

Окуяга тиешеси бар 10го жакын жаран милиция бөлүмүнө жеткирилген. Учурда окуяга катышкан башка адамдардын өздүгүн жана окуяга тиешелүүлүгүн тактоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө. Материал боюнча мыйзам чегинде тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.