Ысык-Көлдө “Кооптуу жүк” рейди өткөрүлүүдө
Новость

Ысык-Көл облусунун аймагында кооптуу жүктөрдү ташыган транспорт каражаттарынын катышуусундагы жол кырсыктарын алдын алуу максатында Жети-Өгүз РИИБдин ЖККБ кызматкерлери тарабынан “Кооптуу жүк” рейддик иш-чарасы өткөрүлүүдө.

Рейд учурунда күйүүчү-майлоочу материалдарды, газ, уулуу жана башка кооптуу жүктөрдү ташыган унаалар текшерилүүдө.

Айдоочулардын тиешелүү документтери, унаалардын техникалык абалы жана коопсуздук талаптарынын сакталышы көзөмөлдөнүүдө. Мыйзам бузган айдоочуларга мыйзам чегинде чара көрүлөт.