2026-жылдын 11-августунан тарта жолду реабилитациялоо долбоорунун алкагында Фрунзе көчөсүнүн Ибраимов көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу жабылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Аталган иштер жолду реабилитациялоо долбоорунун кезектеги этабы болуп саналат. Буга чейин Фрунзе көчөсүнүн А.Суюнбаев көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейинки тилкесинде оңдоо иштеринин негизги бөлүгү аяктап, жол кыймылы үчүн ачылды. Жолду этап-этабы менен жабуу шаардагы унаа кыймылына мүмкүн болушунча аз тоскоолдук жаратуу максатында жүргүзүлүүдө.
Курулуш иштеринин жүрүшүндө жолдун эски асфальт-бетон катмары алынып, жолдун негизин бекемдөө, инженердик тармактарды оңдоо, жаңы асфальт төшөө жана жол инфраструктурасын жаңылоо иштери аткарылат.
Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти айдоочуларды жана жөө жүргүнчүлөрдү жол жүрүү багыттарын алдын ала пландап, убактылуу киргизилген жол кыймылынын өзгөрүүлөрүн эске алууга чакырат.