Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев өлкөнүн ички рыногун күйүүчү-майлоочу май менен камсыздоо маселелери боюнча кезектеги жумушчу кеңешме өткөрдү. Жыйында мунай заттары рыногундагы учурдагы кырдаал боюнча актуалдуу маселелер, анын ичинде жеткирүүлөр, камдалган запастар жана керектөөчүлөрдү зарыл болгон көлөмдөгү күйүүчү-майлоочу майлар менен туруктуу камсыздоо маселелери талкууланды.
Тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү мунай заттарын үзгүлтүксүз жеткирүүнү камсыздоо жана ички рыноктогу тартыштыкка жол бербөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып беришти. Жыйындын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик органдарга мунай заттарын туруктуу жеткирүүнү камсыздоо жана ички рыноктогу кырдаалды мындан ары көзөмөлдөө боюнча бир катар тапшырмалар берилди.




