Кыргыз кол өнөрчүлөрү Корея Республикасындагы резидентура программасын аякташты
Новость

Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосунда ишке ашырылып жаткан «Кыргыз Республикасында салттуу кол өнөрчүлүк буюмдарын өндүрүү жана алардын санариптик маркетинг дараметин жогорулатуу аркылуу маданий туризмди өнүктүрүү» аттуу 2023–2026-жылдарга карата долбоордун алкагында уюштурулган кол өнөрчүлөр үчүн Резидентура программасынын үчүнчү цикли ийгиликтүү жыйынтыкталды.

Программанын алкагында 2026-жылдын апрель айында өткөрүлгөн тандоо сынагынын жыйынтыгы менен төрт кыргызстандык кол өнөрчү Корея Республикасына барып, үч ай бою салттуу жана заманбап кол өнөрчүлүк багытында тажрыйба топтошту.

Резидентура учурунда катышуучулар Чхонджу жана башка шаарларда өткөрүлгөн адистештирилген мастер-класстарга, семинарларга жана окуу иш-чараларына катышып, кол өнөрчүлүктүн жаңы ыкмалары менен таанышышты. Ошондой эле Кореянын ар кайсы аймактарындагы музейлерге, кол өнөрчүлүк борборлоруна, маданий мекемелерге жана тармактык уюмдарга уюштурулган тажрыйба алмашуу сапарларына барышты.

Резидентура программасы кыргыз кол өнөрчүлөрүнө эл аралык тажрыйба алмашууга, кесиптик билим жана практикалык көндүмдөрүн өркүндөтүүгө, заманбап чыгармачылык ыкмаларды өздөштүрүүгө жана кесиптик байланыштарын кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк түздү.

Резидентуранын жыйынтыктоочу этабында ар бир катышуучу программа учурунда алган билимин, көндүмдөрүн жана тажрыйбасын негиз кылып даярдаган автордук эмгегин сунуштады. Иштерде кыргыздын салттуу кол өнөрчүлүк мурасын заманбап чыгармачылык ыкмалар менен айкалыштыруу өзгөчө орунду ээледи.