Баткен районунда милиция кызматкерлери сууга чөгүп кетүүнүн алдын алуу иштерин жүргүзүүдө
Новость

Баткенде милиция кызматкерлери өспүрүмдөрдүн жана жаш балдардын коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө сууга чөгүп кетүү фактыларынын алдын алуу багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда кызматкерлер жергиликтүү жашоочуларга жана ата-энелерге балдарды кароосуз калтырбоо, көлмөлөргө жана сууга түшүүгө тыюу салынган жайларга баруусуна жол бербөө зарылдыгын эскертишүүдө.

Ошондой эле короолордогу суу сактагычтарга жана суу кампаларына балдар кирип кетпеши үчүн бекем кулпу орнотуп, коопсуздук чараларын көрүү боюнча тиешелүү түшүндүрмөлөр берилүүдө.

"Милиция кызматкерлери ата-энелерди балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруп, сууга чөгүп кетүү кырсыктарынын алдын алуу боюнча сактык чараларын так сактоого чакырат", - деп айтылат маалыматта.

772414833_28046625874959220_7483983687165296926_n.jpg 210.1 KB