2026-жылдын башынан бери оор турмуштук кырдаалга кабылган балдардын жана үй-бүлөлөрдүн укуктарын коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында өзгөчө көңүл бурууну талап кылган шарттарда жашаган 3 606 бала аныкталды. Бул тууралуу Эмгек министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Балдарга карата алардын бакубаттуулугун калыбына келтирүүгө, коопсуздугун камсыз кылууга жана укуктарын коргоого багытталган чаралардын комплексин камтыган баланы коргоо боюнча жекече иш-аракеттердин пландары иштелип чыгып, бекитилет. Жалпысынан 2 097 жекече план бекитилип, аларды ишке ашыруунун натыйжасында 1 702 бала оор турмуштук кырдаалдан чыгарылды.
Мындан тышкары, 2026-жылы оор турмуштук кырдаалда турган 1 937 үй-бүлө аныкталды. Бүгүнкү күнгө карата 260 үй-бүлө оор турмуштук кырдаалдан чыгарылды. Аларга зарыл болгон социалдык жардам көрсөтүлүп, билим алууга жана жумушка орношууга көмөк көрсөтүлдү, керектүү документтери калыбына келтирилди жана башка колдоо чаралары берилди.
Жетишилген натыйжалар аймактык бөлүмдөрдүн үй-бүлөнү жана балдарды коргоо боюнча бөлүмдөрүнүн ишинин, ошондой эле бардык тиешелүү мамлекеттик органдардын натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжасында мүмкүн болду.