Өлкө жетекчилеринин үнү коштолгон жасалма видео роликтер социалдык тармактарда таралууда.
Видео материалдар жасалма интеллект технологиясынын жардамы менен даярдалып, "Ала-Тоо" программасынын материалы катары көрсөтүлүүдө. Анда өлкө башчысынын үнү колдонулуп, дивиденддер жана программа тууралуу жалган маалыматтар айтылат.
УТРК жарандарды мындай видеолорго ишенбөөгө жана жалган маалыматтарды таратуудан алыс болууга чакырат.
Расмий маалыматтарды ишенимдүү булактардан гана алууга чакырабыз.