Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо 2026-жылы аяктап, станциянын кубаттуулугу 216 МВтка жетет
Новость

Үч-Коргон ГЭСинде станциянын негизги жабдууларын жаңыртуу жана белгиленген кубаттуулугун жогорулатууга багытталган масштабдуу модернизациялоо иштери уланууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Учурда №1 жана №2 гидроагрегаттарды жаңыртуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Аларды модернизациялоону 2026-жылдын аягына чейин аяктоо пландалууда. Бардык иштер бүткөндөн кийин Үч-Коргон ГЭСинин белгиленген кубаттуулугу азыркы 198 МВттан 216 МВтка чейин, башкача айтканда, 18 МВтка жогорулайт.

Станцияны реконструкциялоо иштери 2024-жылы башталган. Долбоордун алкагында №4 гидроагрегат толугу менен жаңыртылып, анын кубаттуулугу 9 МВтка көбөйтүлдү. Ошондой эле №3 гидроагрегатты модернизациялоо иштери аяктап, анын кубаттуулугу дагы 9 МВтка жогорулатылды.

Ошентип, №1 жана №2 гидроагрегаттардагы иштер аяктагандан кийин Үч-Коргон ГЭСинин бардык төрт гидроагрегаты толугу менен жаңыртылат.

Модернизациялоо станциянын ишинин ишенимдүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатууга, эскирген жабдууларды жаңылоого жана алардын эксплуатациялык мөөнөтүн узартууга мүмкүндүк берет.

Маалымат үчүн: Үч-Коргон ГЭСи Жалал-Абад облусунда, Нарын дарыясында жайгашкан. Станция 1961–1962-жылдары пайдаланууга берилген. 60 жылдан ашуун убакыттан бери иштеп келе жаткан станцияда жүргүзүлүп жаткан бул реконструкция негизги жабдууларды жаңыртуу боюнча алгачкы ири масштабдуу модернизация болуп саналат.