Бүгүн, 12-августта саат 13:14тө Кыргызстанда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту маалымдады.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында, Ак-Чий айылынан 20 чакырым түштүк-чыгышта, Кочкорка айылынан 38 чакырым түштүк-батышта жана Бишкек шаарынан 120 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.
Жер титирөөнүн күчү Ак-Чий, Чолпон, Эпкин, Туз, Комсомол жана Орток айылдарында болжол менен 5 баллга жеткен.
Ал эми Кочкор, Кызарт жана Жумгал айылдарында 4 балл, Бишкек, Токмок жана Балыкчы шаарларында 3 балл болгон.
Учурда жер титирөөдөн келтирилген зыян тууралуу маалымат берилген жок.